Мамлекеттик прокурорлор соттон Айбек Калиевди 17 жылга камакка алып, 1 миллион 627 сом өндүрүүнү өтүнүштү

"Улуттук энергетикалык холдинги" ишканасынын мурдагы башчысы, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупцияга айыпталып жаткан Айбек Калиевге карата мамлекеттик прокуратура судьяга өз сунуштарын келтиришти. Бүгүн, 27-ноябрда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланып жаткан. Анда мамлекеттик айыптоочулар Айбек Калиевге дагы бир айып тагылышы керек деген позициясын билдиришти.

"Айбек Калиевге "кылмыштуу жол менен кыймылсыз мүлк сатып алуу" беренеси менен да айып тагылсын" деди сунуштарды окуп жаткан прокурор Марат Кулжабаев.

Мындан тышкары, Калиевди 17 жылга эркинен ажыратып, анын мүлкүн конфискациялоону сурашты. Андан "Даңк" орденин кайтарып алууну, "ТВЕА" компаниясынын сатылып кеткен унаасынын акчасы деп 1 миллион 627 сом өндүрүү сунушун да келтиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
chake
2019-11-27 19:02:35
шакалдар жазасын алсын уурдаган 111млн доллар акчаны ордуна коюуп койсун ал элдин мойнунда карыз болуп жазылып турат кытайдын блакнотунда
0
altyn-kumush
2019-11-27 19:04:33
Айбек менен Сапарга ал деле аз болчу. Андан көрө акчаны кайтарып берсин бюджетке.
-1
bond02
2019-11-27 20:44:11
Болгон мулкторун конфиксациялап кытайдын счётуна которуш керек, болбосо булардан ондуруп кайра биздин чиновниктер жеп коюшу мумкун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан