Дагы бир лицензия! Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиадасына жолдомо утту

Кыргыз өлкөсүнүн жөө күлүгү Дарья Маслова Токио-2020 Олимпиада оюндарына жолдомо утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирет.

1-декабрда Дарья Маслова Валенсия (Испания) шаарында өткөн эл аралык лицензиялык марафонго катышып, 2 саат 28 мүнөт 19 секунд убакытта марага жеткен. Марафонго олимпиадалык норматив 2 саат 29 мүнөт 30 секундду түзөт. Ошентип спортчунун убактысы Токиодогу олимпиадалык оюндарына лицензиянын нормативин аткарууга мүмкүнчүлүк түздү.

Буга чейин Олимпиадага жолдомону суучул Денис Петрашов, жөө күлүк Юлия Андреева, балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азисбеков жеңишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
katerina.li
2019-12-02 14:53:30
Азамат,Дарья
+2
maralum93
2019-12-02 15:23:17
Ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан