Бүгүн, 3-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча ачык соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков өз сөзүндө 111 миллион доллардын канча болоруна кызыгып көргөнүн айтты.
"Кытай тарап ЖЭБ үчүн берген насыяны Кыргыз өлкөсүнүн колуна берген эмес. Ал каражат мамлекеттин ичине кирген дагы эмес. Насыя Кытайдын ЭКСИМ банкына которулган. Элестетип көрөлү, Кыргыз аткаминерлери бул акчаны кантип колуна кармап алмак эле. Бирок бул тууралуу мамлекеттик ЖМКлар байма-бай көрсөтүп жатышат. Эмнеге мен бул тууралуу айтып жатам, анткени коомго атайын ушундай маалымат таркатылып жатат. Бул туура эмес. Мен өзүм үчүн 111 миллион доллардын көлөмү кандай болоруна кызыктым. Мага абакта чогуу отурган адамдар "Форсаж" тасмасын көрдүңүз беле? Анда 100 миллион долларды 20 тонналык контейнерде уурдап кетет", - дешти. Ал эми бул жакта 111 миллион тууралуу кеп болуп жатат. Элестетип көргүлө 20 тонналык контейнерди. Айыптоочу тарап, чыгымды эсептеп жатканда анын көлөмүн ойлонуп койсоңор болмок", - деди ал.