Бүгүн, 4-декабрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча соттук отурум уланууда. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиев өз сөзүндө учурда модернизацияланган ЖЭБ толугу менен ата мекендик көмүр менен иштейт экенин белигиледи.
"Модернизацияланган ЖЭБ өлкөдө көмүр иштетүү тармагын өнүктүрдү. Мурда көмүр иштеткендер "биздин көмүрдү албайсыңар" - деп энергетиктерге доомат коюп келген. Ал эми модернизациядан кийин, тескериcинче биз аларга талап коюп, көмүр жөнөткүчтөр, көмүр кенин ташыгандарды шаштырып, "Кыргыз темир жолу" көмүрдү ташып жетишпей калды", - деди ал.