Бүгүн Баш прокурор Аида Салянова журналисттерге берген маалымат-жыйынында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, Талант Мамытовдун ишин Башкы прокуратура толугу менен карап, аягына чыгарганын билдирди.
"Баш прокуратура Биринчи Май райондук сотуна жогоруда аталган үч депутатты камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу тууралуу өтүнүч жиберди. Бүгүн аларга жыйынтык чечими чыгарылат. Бирок С.Жапаров, К.Ташиев жана Т.Мамытовду камакта калтыруу керек. Анткени чогулган материалдар менен таанышуу көп убакытты талап кылат",- деди Аида Салянова.