Пайщик: “АНЭС строй” турак жай курулуш кооперативинин пайщиктери алданып калып, учурда бир дагы мамлекеттик органдан адилеттикти таппай жатышат

2016-жылы ишке берилчү Бишкектеги көп кабаттуу үй дубалдары тургузулган бойдон токтоп калганына 3 жыл болгон. 2015-жылы жаңы үйдүн баасын толук төлөп бүткөн жарандар андан бери бала-чакалуу болуп, учурда үйү жок батирлеп жүрүүгө мажбур. Пайщиктердин бири айласы кеткенде кооперативдин кеңсесине барып түнөгөнгө аракет кылган.

Карапайым жарандардын укугун ким коргойт? Эң кызыгы, “АНЭС строй” турак жай курулуш кооперативи 3 жыл мурда убадаланган үйдү ишке бербей жатып, жаңы пайщиктердин башын айлантып куру убадалар менен кайра акчаларды алып келе жатат” дешүүдө.

Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 11-декабрь күнү саат 10:30да боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.

Катышуучулар:
Александр Хегай, жактоочу;
Рустам Жолдошов, пайщик;
Гүлкакы Дүйшеналиева, пайщик;
Сезим Өмүрбек кызы, пайщик.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан