"Центерра Голд Инк." компаниясы Монголияда эч кандай активдерге ээ эмес

Акыркы кезде айрым бир жалпыга маалымдоо каражаттарында “Монголиянын аппеляциялык соту Центерра Голддун 4 лицензиясын БӨУ пайдасына алып койду” деген маалыматтар чыккан.

Ушуга байланыштуу "Кумтɵр Голд Компани" (КГК) жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалыматты төгүндөп, "Центерра Голд Инк." компаниясы 2018-жылдын октябрь айынан тартып Монголияда бизнес ишмердигин жүргүзбɵгɵнүн жана Монголияда активдерге же объектилерге ээ болбогонун баса белгилейт.

"Центерра Голд Инк." бул Торонто фондулук биржасында катталган Канадалык компания жана "Кумтɵр", "Маунт Миллиган", жана "Оксүт" кендерине жана дүйнɵ жүзүндɵгү башка кен жайларга ээ. 2018-жылдын октябрь айына чейин "Центерра Голд Инк." Монголиядагы эки туунду ишкана аркылуу иштеткен бизнес-бɵлүмгө ээ болгон. Бул Монголиялык компаниялар “Centerra Gold Mongolia LLC” жана “Boroo Gold LLC” деп аталышчу. 2018-жылдын октябрь айында "Центерра Голд Инк." ɵзүнүн Монголиялык бизнесин Сингапурда негиздеген "OZD GROUP PTE Ltd." аттуу жеке компанияга саткан. Транзакция бул аталган эки компанияны - "Centerra Gold Mongolia LLC" жана "Boroo Gold LLC" (бүтүндɵй бойдон) "OZD GROUP PTE Ltd" компаниясына сатуу менен аяктаган. Кошумча маалыматты "Центера Голддун" тɵмɵнкү пресс-релизинен алсаңыз болот. https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf .


"Центерра Голд" жөнүндө кошумча маалымат www.sedar.com SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Байланыш номерлери: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан