Кыргыз өлкөсүнүн эң мыкты компаниялары аныкталды

11-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "2019-жылдын тандоосу" эл аралык фестивалынын жыйынтыгы чыкты.

Уюштуруучулардын айтымында, "Жылдын тандоосу" фестивалы - бул өлкөнүн рыногундагы белгилүү жана сапаттуу товарларды аныктоо менен алектенген долбоор. Ал жыл сайын өтүп турат. Долбоордун башкы максаты - конкреттүү товардын же кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана популярдуулугун комплекстүү баалоо болуп саналат. Ар бир номинациянын лидерлерин керектөөчүлөр менен эксперт-адискөйлөр тандайт.

2019-жылы "Жылдын тандоосу" фестивалында 17 номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Жыйынтыкты чыгаруу үчүн коомдук пикирди иликтеген "Эл-Пикир" борбору тарабынан өлкөнүн аймактарындагы 4 миңдей адамдын катышуусунда сурамжылоо жүргүзүлгөн.

Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча быйылкы жылы "Кыргыз өлкөсүндөгү №1 премиум-класстагы көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча компания" аттуу номинацияда "Elite House" курулуш компаниясы утуп алды. Аталган компания сурамжылоого катышкан респонденттер менен эксперттердин көпчүлүгүнүн пикири боюнча эң мыкты деп табылды.

"Elite House" компаниясынын коммерциялык директору Ильхам Макеев компания Кыргыз жарандары үчүн жашоонун жаңы сапатын илгерилетип, курулуштун сапатын жогорулатып келерин айтты. Ал өз сөзүндө, компанияга ишеним көрсөтүшкөнү үчүн мекендештерге ыраазычылыгын билдирди.

"Жылдын тандоосу" фестивалынын өкүлчүлүктөрү Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Украина, Казакстан, Беларусь жана Өзбекстанда да бар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан