Бишкекте Renault жана Lada бренддеринин дилерлик борбору ачылды!

12-декабрда Бишкекте Кыргыз өлкөсүндөгү Renault компаниясынын расмий дистрибьютору Asiamotors LTD Lada унаалары сатылып баштаганын жар салды. Мындан улам Борбор Азияда алгачкылардан болуп, Бишкек шаарында бир күндө Renault жана Lada бренддеринин дилерлик борбору ачылды.

Ачылышы аземине Renault CIS жана Lada Export КМШдагы башкаруучу директору Макс Миссана, Asiamotors LTD компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Лим жана LADA Export КМШдагы сатуу боюнча директору Виктор Рудаков катышты. Ачылыш аземинде Макс Миссана сөз сүйлөп, Renault Export эл аралык деңгээлде кулачын жайганын улантарын билдирди. Иш-чарага жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү катышып, кызыктырган суроолорун узатышты.

Asiamotors компаниясы өнүгүүсүн ырастап, Кыргыз өлкөсүнө Renault жана LADA бренддеринин расмий дистрибьютору болду. Кыргыз өлкөсүндө урбанизация ылдам жүрүүдө, андыктан потенциал жогору. Сапат жана тейлөө стандарттарын киргизүү үчүн курулган эки бренддин дилерлик борборун кубануу менен ачабыз”, – деди Миссана.

КМШдагы жана Кыргыз өлкөсүндө унаа рыногунда кандай жаңылыктар, өзгөрүүлөр болуп жаткандыгы тууралуу кабардарбыз. Унаалар ар бир кардар үчүн жеткиликтүү болушуна жана жеңилдетилип алганга мүмкүнчүлүктөр болот”, – деди Asiamotors LTD компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Юрий Лим.

Иш-чаранын жүрүшүндө Renault жана Ladaнын жаңы унаалары сунушталды. Анда Renault Аrkana жана Lada Vesta Sport жаңы моделдери көргөзүлдү. Жаңы дилерлик борбор Renault Group эл аралык стандарттарына ылайык түзүлүп, унаалар үчүн ири көргөзмө аянтына ээ.

Стилдүү жана ыңгайлуу, өзгөчө интерьерди камтыган дилерлик борбордун аянты 800 чарчы метр. Толук жабдылган цехтин аянты 1000 чарчы метр жана кардарларды тейлөөнүн жогорку стандартына жооп берет.

Заманбап лидерлик борбор Бишкек шаары, Анкара көчөсү 5 дареги боюнча эшигин ачты.


кошулду
Жеткиликтүү, жаңы Renault жана LADA эми Бишкекте
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан