"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чегип жатам" деген эки баланын энеси адилеттик издейт

"Жолдошум кызуу абалында балдарымды каратып туруп мага кол көтөрдү. Кийин атасынын унаасын айдап чыгып кеткен. Укук коргоо органдары менин сабалганым тууралуу арызды кабыл албай, жолдошумдун туугандары берген арыз менен кылмыш иши ачылды. Анда далилдер жок, бир гана жолдошумдун, анын ата-энесинин мени унаанын терезесин таш менен талкалап салган деген көрсөтмөсү бар. Азыр жолдошумдун туугандары сот аркылуу унаага келтирилген зыян үчүн 15 миң сом төлөтүүгө мажбурлап жатышат" дейт адилеттик издеп жүргөн 2 баланын энеси.

Акылга сыйбаган окуяда чынында кимдер жабыркаган? Укук коргоо органдары эмне үчүн бул ишке тийиштүү көңүл бурбай жатат?

Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда эртең, 16-декабрь күнү саат 10:30да боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.

Катышуучулар:
Асел Темкеева
Асел Орозбекова, жактоочу

Тел: 0770 88 26 00; 0770 88 27 75
Дареги: Бишкек шаары, Жибек Жолу көчөсү 381 ("Эльдорадо" соода борборунун 2-кабаты)


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
yrmat88
2019-12-15 12:45:17
Кырк чорого окшогон жыланач баатырларга барып коргуло. Аялдарга акыл наасат айткысы келгендер ушундайларда баатыр болбойсунарбы. Чубак Жалиловко окшогон арабчыл, моралист - исламисттерин арабча создорду кубуронуп кайталап журо бербей.
-15
JaneEr
2019-12-15 13:03:04
yrmat88,Чубак Жалиловго асылбачы бекер отуруп алып инетте кыйын болбой.Озуну билип ал биринчи.
+10
Aimani
2019-12-15 13:05:16
yrmat88,кырк чоро аялдарга эле алы жетет да.
+8
elchi84
2019-12-15 15:49:00
yrmat88,Бул жерде Ажы эмне тиешеси бар элге жакшы болсун ыйман болсун дейт.
+6
Asel69
2019-12-15 13:53:45
Биз кыргыздар алы жеткендерге акыл үйрөткөндү эле билебиз. Арабчыл молдолор Чубак жалилов баш болуп, чоросу тош болуп корунгон кыздардын кийген шиштакасын, турсасына чейин андып журушот.
-6
Kairat1996
2019-12-15 21:58:45
Кыргыз аялдарына наасатчы болбой ушундайларга күйбөйсүнорбү.
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан