Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда талкууга түштү. Буга байланыштуу ушул сыяктуу окуяларды иргеп чыгып, аны сиздерге сунуштайбыз.
Хиллари Клинтон АКШнын Мамлекеттик катчысы болуп турган кезде 2010-жылы жана 2012-жылы Сауд Арабияга расмий сапар менен барганда, дресс-кодго ылайык кийинүүдөн баш тарткан.
Тереза Мэй Улуу Британиянын премьер-министри болуп турган учурда 2017-жылы Сауд Арабияга болгон расмий иш сапарында башына жоолук салбай барган.
Мэйдин сапарына удаа эле Германиянын канцлери Ангела Меркель Сауд Арабияга барган. Меркель эле эмес, расмий делегация менен кошо барган журналисттер да дресс-код талап кылган хиджабдан баш тартышкан.
Меркелдин сапарына чейин Германиянын коргоо министри болуп турган Урсула фон дер Ляйен 2016-жылы Сауд Арабияга барган иш сапарында хиджаб кийүүгө макул болгон эмес. "Аялдарды кайсы бир кийимди кийүүгө мажбурлоо мага жакпайт" деген ал.