Экс-мэрлердин соту: Отурумда Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу эмне үчүн кеч бүткөндүгү айтылды

Бүгүн, 18-декабрда Бишкектин Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отуруму өтүүдө. Анда тараптардын жарыш сөзү жүрүүдө. Бүгүнкү отурумда айыпталуучу Сталбек Өмүрканов өз сөзүндө ага курулуш иштерин календардык иш планы жок иштеген деген айып коюлуп жатканына түшүнбөгөнүн айтты.

"Мектеп бүгүнкү күндө толук кандуу иштеп жатат. Анда 2 миңден ашык бала окуп жатат. Калыс-Ордодогу мектептин курулушу муктаждык болгону үчүн башталган. Анын жашоочулары 2009-жылдан бери тиешелүү инстанцияларга кайрылып келишкен, Жогорку Кеңешке дагы кайрылышыптыр. Мен алардын үнүн угуп жаман иш кылдымбы? Ал эмнеге кеч бүткөн? Анткени мектеп курулуш керек болгон жердин рельефи оор болгон. Ал жакта жаңы иштер башталганда грунттук суу пайда болуп, көлчө пайда болгон. Биринчи подрядчик бул долбоордон баш тартып кеткен", - деди ал.

Өмүркулов дагы "коррупция" беренеси боюнча айыпталып жатат.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочулар Албек Ибраимовду 20 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. Ал эми Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү суранышкан. Отурумга сот Кубанычбек Касымбеков төрагалык кылууда.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Кубанычбек Кулматовго карата 2018-жылдын май айында "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, июнь айында камакка алынган. Ал Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда. Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталган. Ушул жылдын 6-мартынан тартып, Кулматов менен Ибраимовдун иштери бириктирилип, сотто карала баштады. Эки экс-мэрдин ишине байланыштуу жалпысынан 14 адамга айып коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Absamat-90
2019-12-18 10:11:56
Кулматов бажыны башкарганы боюнча эмнеге жоопко тартылбайт. Раим зам болгондо ким башчы болгон?
+1
Jaznura
2019-12-18 10:16:05
Экс мэрлер кыйналып кетти. Буларды эртерээк камагыла.
+1
Altyn.bala
2019-12-18 10:36:39
Jaznura,Экс мерлерден мурун Раим жонундо эмне унчукпайсын?Жердешинби?Раимди камаш керек.
-1
chake
2019-12-18 10:55:35
мындайлар кытайда болсо атууга давно кетмек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан