Өмүрбек Бабановдун ордуна "Республика" партиясынын лидери болуп Мирлан Жээнчороев шайланды

Депутат Мирлан Жээнчороев "Республика" партиясынын лидери болуп шайланды.

Мындай чечим бүгүн, 20-декабрда аталган партиянын кезексиз съездинде чыкты.

Буга чейин партиянын лидери Өмүрбек Бабанов болуп келгени маалым.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ушул жылдын август айында кайтып келген. Ага каршы УКМК эки кылмыш ишин козгогон, анын бири токтотулган. Өлкөгө кайтып келгенден кийин Бабановду Финпол менен УКМК бир нече ирет суракка чакырган. Жыйынтыгы азырынча белгисиз.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы декабрь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан