Ырчы Тилек Темиралиев “Бол жанымда” аттуу ырдын клибинин презентациясын өткөрөт

Сахнага жаңы кадам таштап жаткан ырчы Тилек Темиралиев “Бол жанымда” аттуу ырдын клибинин презентациясын өткөрөт. Ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Жоодарбешимге таандык. Клипте сүйүү баяны, ошол эле маалда кызын бай күйөөгө бергиси келген эненин айланасындагы окуя көрсөтүлгөн. Авторлордун айтымында, көрүнүш чыныгы жашоодон алынган.

Кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда бүгүн, 20-декабрь күнү саат 16:00дө боло турган презентациялык маалымат жыйындан биле аласыз.

Катышуучулар:
Тилек Темиралиев - ырчы;
Максат Анарбек - продюсер, менеджер;
Эльмира Тагаева - актриса, клипте башкы каарман кыздын апасы;
Аман Абдрахманов - клипте баш каармандын ролун жараткан;
Гүлзина Абдиганиева - клипте башкы каармандын ролун жараткан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан