O!Store дүкөндөрүндө акция. Супертариф + болгону 1 сомго телефон!

Ушул дем алыш күндөрүндө гана О! Мобилдик операторунун атайын акциясы Чүй, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын тургундарын кубандырат.

2 гана күн – 2019-жылдын 21-22-декабрь күндөрү.

Акциянын алкагында "Сенин Супернөлүң+ (7 күн)" пайдалуу тарифи менен эки симкалуу Jinga телефонун болгону 1 сомго алса болот.

Кантип алуу керек?

Өзүңүздүн Beeline, MegaCom же Salam номериңизден 0702 702 772 номерине чалуу керек жана тутумдун оң жообун күтүү зарыл. Болгону 1 сомго телефонду алуу үчүн бир гана шартты аткаруу керек – өзүнүн О! түйүнүндөгү номерин бир жолку төлөм аркылуу 600 же андан ашуун сомго толуктоо, ал суммадан "Сенин Супернөлүң + (7 күн)" тарифи боюнча алгачкы абоненттик төлөм алынат. Акциянын алкагында толукталган акча каражаттарын байланыш кызматтарына гана пайдаланууга болот, "О!Деньги" сервисинин чегинде колдонууга болбойт.

О! сатуу жана тейлөө кеңселерине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жанында паспорт болуусу абзел.

Акцияга Jinga Simple M245 телефондору киргизилген. Түзүлүштөрдүн саны чектелүү. Товар тастыкталган. Телефондордун кепилденген мөөнөтү – 6 ай. Конкреттүү дүкөндөрдө телефондордун бар экендигин төмөнкү телефон аркылуу билсе болот: 0705 007 000.

Акция жүрүп жаткан O!Store дүкөндөрүнүн тизмеси менен o.kg сайтынан шилтеме боюнча таанышса болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан