Бүгүн, 23-декабрда Кыргыз футбол федерациясы буга чейин аныкталган жыл мыктыларына сыйлык тапшырды. FFKR Football Awards 2019 иш-чарасында 9 номинацияда мыктылар аныкталды. Алар:
"Футбол боюнча мыкты машыктыруучу" сыйлыгы Александр Крестининге тапшырылып, андан тышкары аземде атайын сыйлык каралып, "Футбол доору" деп аталган сыйлык белгилүү рефери Бахадыр Кочкаровго буюрду.
Александр Крестининге сыйлык менен кошо Баткенде токулган килем тартуу катары берилди. Анда машыктыруучу менен президент Сооронбай Жээнбековдун сүрөтү түшүрүлгөн. Ал эми Бахадыр Кочкаровго калпак-чепкен кийгизилди.
Аземден кызыктуу көз ирмемдер тартылган кенен фоторепортажды ушул шилтемеден көрө аласыз.