Ferrari өз ээсин тапты, ал ким? Имарат Групп башкы оюндун жыйынтыктарын чыгарды

2019-жылдын 20-декабрында “Имарат Групп” холдингинен уникалдуу байгелерди ойнотуу иш-чарасы болуп өттү.

“Имарат Групп” холдингинен байгелүү акция 2018-жылдын 4-майында Ferrari 458 Italia суперкарын тааныштыруу учурунда башталган. Акциянын катышуучусу болуш үчүн 2019-жылдын 18-декабрына чейин “Имарат Групп” холдингине кирген “Имарат строй”, “Имарат Прогресс” жана “Имарат Констракшн” курулуш компанияларынан кыймылсыз мүлк сатып алуу зарыл болчу.

Баш байге Ferrari 458 Italia - "Манчестер", "Гранвиль" турак жайларынан, "Imarat Resort" эс алуу борборунан кыймылсыз мүлк сатып алгандардын арасында ойнотулган.

Бир бөлмөлүү квартира - "Империал", "Алтын Булак", “Астория” турак жайларынын кыймылсыз мүлк сатып алгандардын арасында ойнотулган.

Renault Sandero автоунаасы - "Тумар" турак жайынан кыймылсыз мүлк сатып алгандардын арасында ойнотулган. Акцияга “Имарат Групп” холдингинен кыймылсыз мүлк сатып алган кардарлардын 700дөн ашууну катышкан.

Бүгүн баарыбыз үчүн салтанаттуу учур келип отурат. “Имарат Групп” холдингинен баш байгелердин жеңүүчүлөрү болуп үч адам аныкталат. Ушул күн көп жылдарга баарыбыздын жүрөгүбүздө таза сезимдер, жылуу эскерүүлөр менен калсын”, – деп кайрылды “Имарат Групп” холдингинин негиздөөчүсү Бейшенбек Иманалиев оюндун катышуучуларына. Ал ар бир кардарга ийгилик каалоо менен бирге “Имарат Групп” холдинги мындай масштабдагы иш-чараларды дагы өткөрө турганын белиглеп кетти.

Феррари суперкарынын жеңүүчүсү болуп Бишкек шаарынын тургуну, 67 жаштагы Молдалиев Койбагар табылды. Койбагар Чатакович шаардын мектептеринин биринде аскерге чейинки даярдык предмети боюнча мугалим. 2018-жылы “Гранвиль” турак жай комплексинен (“Имарат Прогресс” курулуш компаниясы) квартира сатып алган.

Ferrari өз ээсин тапты, ал ким?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан