Жаңы жылда конокторду өзгөчө даам менен таң калтыргыңыз келеби? Деңиз азыктарынан витаминдүү даамдардын рецеби

Саналуу күндөрдөн кийин көптөн күткөн Жаңы жыл келет. Майрамдык дасторкон үй кожойкелеринин моюнунда болгондуктан, аларга көп жоопкерчилик илинет. Андыктан биз кожойкелердин жумушун жеңилдетүү максатында, деңиз азыктарынан өзгөчө даамдардын рецепттерин сунуштайбыз. Азык-түлүктөрдү колдонууда алардын экологиялык жактан таза, пайдалуу жагына маани берүү керек. Дүйнөгө таанымал "Vici" компаниясынын азыктарын колдонсоңуз бул жактан адашпайсыз.

"Vici" компаниясы тандалып алынган сапаттуу сельд филесинин 3 түрүн сунуштайт.

1. Салттуу - татымал кошулбаган майдагы филе.
2. Картошкага - өткүр даамы жана сарымсак менен жасаган майдагы филе.
3. Аз туздалган - көк чөбү бар майдагы филе.

"Vici" компаниясынын сельддери матье технологиясы менен жасалган. Андыктан сельдден даамдуу тамак жасайм десеңиз "Vici" компаниясын тандаңыз.

Сельдден жасалган кызылча салаты

Керектелүүчү азыктар:

Сельддин филеси ("Vici" компаниясынан алсаңыздар болот) - 160 грамм

Кызылча - 2 даана

Апельсин - 1-2 даана

Кызыл пияз - 1 даана

Салат жалбырагы - 200 грамм

Кинза - 1 тутам

Кумшекер - 1 чай кашык

Өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:

Сельдди тилим кылып кесебиз. Кызылчаны бышырып, муздатып, тазалап алган соң ичке тегерекче кылып кесип, өсүмдүк майы менен этияттап аралаштырабыз. Апельсиндин ширесин сыгып алып, кумшекер менен коюу болгончо буулайбыз. Муздатып, калган өсүмдүк майы менен аралаштырабыз. Салат жалбырагына кызылчаларды тизип, кинза менен себелеп, үстүнө сельддин майда бөлүкчөгө бөлүп туурап кошобуз. Даяр азыкты апельсин ширеси менен катыктап, ичке болуп тууралган пияз менен кооздоп коёбуз. Өзгөчө даамдан жасалган кооз, витаминдүү салатыбыз даяр!

Сковородкага бышкан креветкалар

Керектелүүчү азыктар:

Аргентиналык кызыл креветкалар башы менен, (VICI) - 1 килограмм

Сарымсак - 7 тишче

Майдаланган имбирь - 100 грамм

Соя соусу - 50 миллиграмм

Зайтун майы - 60 миллиграмм

Көкөмерен (тимьян) - 3 бутакча

Херес (шарап) - 1 аш кашык

Лимон - 1 даана

Даярдоо ыкмасы:

Креветканын ичегилерин алып, сыртындагы катуу кабыгын (панцирь) кесип, суу менен жуу керек. Майдаланган сарымсак, имбирди зайтун майы, херес жана соя соусу менен өзүнчө аралаштыруу. Металл же чоюн сковородкага креветканы салып, үстүнө соус куясыз. Лимондун бөлүкчөлөрүн жанына кооздоп, көкөмерендин жаңы үзүлгөн бутакчаларын кошуп кооздоп коёсуз. 200 С° жылуулукка чейин ысытылган духовкага 25 мүнөт салган соң даамыбыз даяр!

Брынза жана креветка кошулган грек конверти

Керектелүүчү азыктар:

Куйруктуу тазаланган падыша креветкалары VICI - 300 грамм

Брынза - 150 грамм

Сарымсак - 2 тишче

Фило камыры

Жумуртка - 1 даана

Укроп

Калемпир

Өсүмдүк майы

Даярдоо ыкмасы:

Тоңдурулган креветкаларды эритип, куйруктарынан тазалап алабыз. Андан соң брынза, майда тууралган укроп жана майдаланган сарымсакты аралаштырабыз. Фило камырын 4 бөлүккө бөлөбүз. Даярдалган камырдын бурчуна брынзадан жасалган туурамжыны (начинка) салып, 2-3 креветканы конверттей кылып оройбуз. Жакшы жабышыш үчүн ар бир конверттин аяк жагын жумуртка менен шыбап чыгабыз. Сковородкага майды куюп кызытып алып, конвертиктердин кабыгы кытырак болгончо кууруйбуз. Тамак дзадзика соусу менен сонун айкалышат!

Креветкадан десерт

Керектелүүчү азыктар:

Тазаланган креветкалар (VICI) - 300 грамм

Жашыл алма - 200 грамм

Коон - 200 грамм

Кулпунай - 100 грамм

Лимон - 1 даана

Табигый йогурт - 200 грамм

Жалбыз

Даярдоо ыкмасы:

Креветкаларды эритип алабыз. Алмаларды тазалап, кабыгын аарчып, тилим кылып, коонду шарик кылып туурап, кулпунайды 4 бөлүккө бөлүү керек. Йогурт менен лимон ширесин өзүнчө аралаштырып алуу зарыл. Кооз идишке алма, креветка, коон, кулпунай кылып каттап салып, үстүнөн йогурт куюп коёбуз. Жалбыз менен кооздоп койсо кооздук кошот.

Ролл - краб таякчаларынан закуске

"Vici" компаниясына таандык краб таякчалары өзгөчө рецепт менен сурими (тактайга уруп жумшартылган эт) табигый балык фаршынан жасалат. Ал эми сурими океанды байырлаган балыктардын филесинен даярдалат. Жасалма кошулмасыз даярдалгандыктан "Vici" краб таякчаларында балыктын пайдалуу касиети, витамин Д жана омега кычкылы сакталат. Андыктан витаминдүү, табигый балыктан жасалган "Vici" компаниясынын краб таякчаларын тамак-ашка пайдалансаңыз, адашпайсыз.

Керектелүүчү азыктар:

«Снежный краб» краб эти - 200 грамм

Рикотта сыры - 100 грамм

Цукини - 300 грамм

Бадыраң - 200 грамм

Кинза

Кресс-салат

Лаймдын жартысынан алынган ширеси

Даамына карата туз, калемпир

Даярдоо ыкмасы:

Краб этин бөлүкчөлөргө бөлүү. Бир цукинини ичке кылып кесип алабыз. Бадыраңдын кабыгын аарчып, узун тилке кылып туурап алабыз. Жашылчаны краб эти жана майдаланган кинза менен аралаштырабыз. Үстүнө лайм ширесин, туз, калемпир кошуп дагы аралаштырабыз. Цукининин жалбырагына даяр туурамжыны салып, роллыга окшотуп оройбуз. Үстүнө кондитер кабы менен рикоттаны куюп (эгер сыр коюу болсо, аны сливки менен аралаштырып алса болот) кресс-салат менен кооздоп коёбуз. Муну конокторго закуске катарында берсеңиз болот.

Рецепттер “Vici” соода маркасынын колдоосу менен даярдалды. “Vici I” 20 жылдан бери Европа, Борбор Азияда ашканада кеңири колдонулуп келе жаткан азыктарды чыгарган компания. “Vici ” маркасы менен компания тоңдурулган балык, ышталган лосось, горбуша, сельд, креветкаларды чыгарат. Бирок негизги багыты краб таякчалары жана краб этинен даярдалган башка азыктар.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан