О! Мобилдик оператору бардык кыргызстандыктарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, O!Store дүкөндөрүнүн жана ostore.kg интернет-дүкөнүнүн Жаңы жылдык иштөө режими тууралуу маалымдайт.
31-декабрь күнү республика боюнча бардык дүкөндөр 16:00гө чейин иштейт; 2020-жылдын 1-январы – дем алыш. 2-январдан баштап бүт өлкө боюнча дүкөндөр штаттык режимде иштеп баштайт.
Булардан тышкары:
О! маалыматтык-сурап билүү кызматынын операторлору сиздер үчүн дем алышсыз иштешет. Пайда болгон суроолоруңузду каалаган учурда «Мой О!» тиркемесинен консультанттарга жазуу менен же Facebook, Instagram, «ВКонтакте», «Одноклассники», Twitter социалдык тармактарга жеке билдирүүлөрдү жөнөтүү менен онлайн чече аласыздар.
Сиз үчүн эң негизги кеңеш жөпжөнөкөй
Жаңы жылда байланышта болуу үчүн балансыңызды алдын ала толуктоону унутпаңыз!
Балансты бардык О! кеңселеринен жана O!Store дүкөндөрүнөн, О! фирмалык терминалдарынан жана компаниянын промоутерлеринен комиссиясыз толуктаса болот. Балансты толуктоо жайларынын даректерин o.kg сайтынан биле аласыз.
Ал эми азырынча О! Мобилдик оператору сизди майрамдык маанайда кооздолгон O!Store дүкөндөрүнө жакындарыңыз менен туугандарыңыз үчүн белектерди сатып алуу үчүн чакырат. Дал азыр майрамдык Акциялар жүрүп жатат. Дүйнөлүк алдыңкы бренддердин смартфондору менен аксессуарларынын кеңири ассортименти сатыкка коюлган.
Белектер үчүн O!Store’го шашылгыла.