Атайын рейддин жүрүшүндө 1157 жол коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары катталды
24-ноябрь күнү Бишкектин аймагындагы МАИ кызматкерлери тарабынан саат 14:30дан 19:00гө
чейин “Рулда” аттуу атайын рейд өткөрүлдү. Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында жалпысынан 1157 жол коопсуздук эрежелерин бузуу фактылары
катталып, 88 автоунаа айып аянтчасына коюлган. Алардын арасынан 11
айдоочу мас абалында машина айдагандыгы, 444 айдоочу тыюу салынган
белгилерден өткөндүгү, 137 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып жүргөндүгү, 37
айдоочу тиешелүү документи жок болгондугу, 21 айдоочу айнегин
караңгылатып алгандыгы, 2 айдоочу башка мамлекеттик номерди тагып
алгандыгы жана башка жол эрежесин бузуу учурлары катталган.