Садыр Жапаров 1 айдан кийин жатак абакка которулат

Саясатчы Садыр Жапаров 5-февралда №1 түзөтүү абагынан жатак абакка которулат. Мындай маалыматты Жапаровдун жактоочулары билдиришти.

"Мыйзам боюнча Садыр Жапаров 2020-жылдын 5-февралына чейин түзөтүү абагында мөөнөтү аяктап, андан кийин жатак абакка которуу мөөнөтү келди. Аны Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан түзүлгөн комиссия карап чыгат. Эгерде ал түрмөдө отурганда тартип бузбаса, кылмыш иштин алкагында карызы жок болсо, жатак абакка чыгарат. Садыр Жапаровдун карызы жок, тартип бузган эмес. Мындан улам ал 6-февралда жатак абакка которулат", - деп билдирди жактоочу Шарабидин Токтосунов.

Окуянын чоо-жайы:

Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында "Кумтөр" боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан, өзү чет өлкөдөн кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ал учурда Садыр Жапаровду миңдеген тарапташтары жолугуу үчүн күтүп турушкан. УКМК жолугууга жол бербей, чек ара күзөт бекетинен кармап кеткен.

2017-жылдын 2-августунда Жапаров Биринчи Май райондук сотунун өкүмү менен "барымтага алуу" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 11 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Райондук соттун өкүмүн Бишкек шаардык соту жана Жогорку Сот күчүндө калтырган. Быйыл 30-апрелде Жогорку Сотто абактагы саясатчы Садыр Жапаровдун иши кайрадан каралып, соттук коллегия анын жаза мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Jaznura
2020-01-06 09:58:24
Садыр Жапаров Атамбаевдин адилетсиз саясатынын көрүнүктүү курмандыктарынын бири болуп калды. Анын жактоочусу деле кем сабат адам окшойт официалдуу документтердин жазылышын билбеген.
+5
chake
2020-01-06 10:29:41
Jaznura,АШАнын чалган боткосуна Жээнбеков аралашпай эле койгону туура баарына мыйзам бирдей мыйзам буздуңарбы чекеден жооп беришинер керек
-8
Mamiev
2020-01-06 19:35:37
chake,Жапаров күнөөсү жок болсо дагы эркекче турду. Адатта бизде саясатчыга кылмыш иши козголсо ооруп калат чет өлкө дарыланууга кетет же жаш балдарын аралаштырып чыгып кетет. Баарыбызда ата эне бала чака бар мынчалык таш боор болбойлу бул жерде негативдуу билдирүү жазгандар. Дагы эмне керек ата энесинен айрылды баласынан айрылды бийлик боору ооруп койо берген жок күнөөсү далилдеебесе дагы. А күнөөсү далилденип көрсөтүп турса дагы ооруп калып чыгып кеткендер толтура.
+2
Alia82
2020-01-06 10:30:39
Jaznura,ооба АША камады, бирок Соке ашанын кочун улап келатат, экоо тен бир гор кыскасы...
+5
robot111
2020-01-06 10:42:28
Садыр Жапаровдун Кумтор маселеси боюнча элге куйуп жаткан болгон кадамы башынан эле популистик кадам экени корунуп турган. Эл аны адашып ээрчип канчасы камалып запкы тартты. Аны Атамбаев туура каматкан. Атамбаевдин тушунда анын чыгарылышын талап кылбай эми талапкылып жатышат. Эмнеге? ага эки себеп болушу мумкун Садыр Жапаровду бетке кармап Президентти каралоо ишине бут тосуу. Экинчиси олкодо акыйкат орноп жатканына тушунуп ошонун деми менен Жапароду абактан бошотуп алуу.
-4
Store
2020-01-06 17:39:40
robot111, Жапаровту Көлдүктөр вообще колдобойт, өзүнүн Көлдүк туугандарынан башкасы, бирок Оштуктар атасынан да жакшы көрүшөтко бул популистти.
-4
Absamat-90
2020-01-06 10:51:44
Жатак абак деген бул дээрлик ал жерде отурбайт деле. Чакырганда бир барып турат,кээ бирлер билип билбей ашынган популист боло беришет куру кыйкырык салып.
-4
Alimbek1000
2020-01-06 09:58:49
Садыр акем не деген адвокатты жалдап алган? Ырайым сурайын деп же документтерди толуктай албай жүрөт ошол жалдаган адвокаты. Же атайын толуктабай жүрөт айтоор таң калыштуу.
+2
Alia82
2020-01-06 10:32:12
Alimbek1000,тан калыштуу жери жок, бул чыгарбоонун бир шылтоосу эле, качан эле бизде адамдар так так документке карап иштешчу эле, мындайча айтканда сказка
+3
rysik79
2020-01-06 10:12:39
Чыккан куну деле бардыр. Садыкем кобуроок зыян тартып калды да окунучтуу. Атасы, баласы ж.б.у.с ал эми Мискенчиктерге окшогон чала саясатчылар жеп ичип суйунуп рейтинг менен даражам которулот деп жата берет. Кыргыз саясатында отуруп чыкпасан рейтингин которулбойт деген сокур тушунук пайда болуп алыптыр. Жебесен болбойт дегенге окшош
+9
Shef87
2020-01-06 10:19:50
Садыр ак чыгаргыла үйүнө!
+6
Alia82
2020-01-06 10:36:02
Садырдан башка бири да кумторго духу жетпейт, Садырды о7он учун чыгарбай атышат, бул иштин артында ото чон сумма жана кокунучтуу адамдар турат
+5
janym_balam
2020-01-06 10:41:28
Элдерди эптеп шайлоо өткүчө алдап атышат да...
+3
Muslim_KGstana.
2020-01-06 11:01:51
Ушул жактоочусу слабый экен бир болсо,Курсан Асановдукундай жактоочу керек эле,кучтуу жактоочу экен эле.
0
ALATOOLUK.JIGIT
2020-01-06 14:05:49
Чыкканда ээн эркмн эле жургону болбосо шайлоого да катыша албайт. Анан эртен парламенттик,президенттик шайлоо отуп,устукандар тугонгондо бир "азаматы актап коет,болду"
0
Losw1
2020-01-06 14:15:30
Соке менен Асылбектин буйругун аткарат да соттор. Анан эмнеге чыкпай жатат деп теригесинер. Соке Садырдай саясатчыны коргусу келбейт. Мырзакматов да ак болсо да куугунтукта жургону ошондон...

Соке бийликтен кетмейин адилеттуулук орнобойт олкодо.......
+4
altyn-kumush
2020-01-06 19:43:25
Losw1,Момбеков Садыр Жапаровду кантип патриот деп айта алабыз төрт жолу төңкөрүш кылгысы келген адам.
0
meni_kut
2020-01-07 12:36:02
Losw1,кайсы президент кычыгын ,кемчилдигин таба берип ,бизге президент турбас болду.
0
altyn-kumush
2020-01-06 19:42:32
Садыр Жапаров популисттик кырдаалды курчутуп колдоочуларынын жана АШАнын курмандыгы болду.
-2
pyeon hwa
2020-01-06 20:54:22
Президент болуп калса экен омин
+2
turaliev
2020-01-06 21:06:38
Садыр чыкса кумтордун чондорун XXXX уже терять нечего
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан