ЖКда Ысык-Көл аймагына жырткыч балыктарды өстүрүүгө тыюу салуу сунушталууда

26-ноябрда ЖКда "Балык чарбасы жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Депутат Максат Сабиров демилгелеген бул мыйзам долбоору парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында талкууга алынды. Демилгечинин айтымында, бул мыйзам долбоорунун даярдалышына көл аймагына балыктын жаңы түрлөрү багылып жаткан тосмолуу аймактардын уюштурулушу менен жергиликтүү балыктардын жоголуп бара жатканы себеп болгон. Ошондон улам Ысык-Көлдүн табиятын толугу менен сактоо максатында Ысык-Көлдө балык уулоого, туристтик ишмердүүлүккө, суу транспортунун ишине уруксат берүү менен катар өнөр жайлык балык уулоого жана бөтөн жерден алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүү боюнча чарбалык ишке тыюу салууну демилгелеп жатат. Жыйында бул демилгени колдогон депутаттар балык чарбасындагы бир топ көйгөйлөрдү айтышты. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда ЖКнын кароосуна чыгаруу чечими кабыл алынды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан