Бүгүн, 14-январда УКМКнын имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум болуп өттү.
Ага мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов катышканы айтылган. Ал эми Алмазбек Атамбаев отурумга катышпаганын анын жактоочусу Сергей Слесарёв билдирген.
Жактоочу SUPER.KG порталына соттук териштирүү жүрүп жаткан бөлмө дагы деле эч кандай нормага жооп бербей турганын айтты: "Бөлмө санитардык талаптарга жооп бербейт. Анда сот, жактоочулар, айыпталуучулар, мамлекеттик айыптоочулар, катчы, сот департаменти болуп баарыбыз отурабыз. Процесстин катышуучулары менен бетме-бет келишип, иш алып барган абдан ыңгайсыз жана жагымсыз болуп жатат. Тараптарга иштин жагдайлары менен таанышуусуна мүмкүндүк берүүчү видео, аудио жаздыруу жүргүзүлбөйт. Соттук отурумдун протоколу кол жазма менен жүрүүдө", - дейт жактоочу.
Сотко Эмил Кайыпов төрагалык кылууда.