Elite House: кардарлардын ар бир кадамына камкордук

Учурда Elite House – Кыргыз өлкөсүнүн курулуш рыногундагы лидерлердин бири жана жакшы аброй чогултуп, өнүгүп жаткан компания. Компания ишмердүүлүгүндө чынчылдык, ачыктык, сапат жана кардарларына дайыма жардам көрсөткөн принциптерди карманат. Ошол үчүн компания тарабынан кардарлар менен келишим түзүлгөндөн тартып, үй колдонууга берилгенге чейин иш алып барган жана ар бир кайрылуусуна ыкчам жооп берген тейлөө кызматы түзүлгөн. Лоялдуулук программасынын негизинде Elite House курулуш иштери бүткөндөн кийин деле жашоочулар менен байланышта болуп, алардын жашоо шартын жакшыртуу, инфраструктураны өнүктүрүүнү улантып, ар бир үйдүн абалын көзөмөлдөп турат. Ошондой эле компания курулуп бүткөн үйлөрдүн ТСЖ (турак жай ээлеринин шериктештиги) башчылары менен тыгыз байланышта иш алып барат.

2019-жылы курулуп бүткөн комплекстердин жашоочуларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында көп жумуштар аткарылды. Жакында эле Elite House "Ала-Тоо" курулуш комплексинин батир ээлерине белек берди. Компаниянын негиздөөчүсү жана ээси Тимур Файзиевдин тапшырмасы менен турак жай комплексин куруу үчүн жарым миллион сомго жакын акча бөлүнгөн. Ушул каражаттын эсебинен өткөн жылдын аягында эки балдар аянтчасы жаңы оюн элементтери менен толукталып, жаңыланган. Бул да чек эмес. Жашоочулар үчүн эс алууга ылайыкталган маектешүүчү жай жана спорт сүйүүчүлөргө спорт воркаут аянтчасы курулган.

Elite House жашоочулардын дени сак жашоого умтулган аракетин чын дилден колдойт. Ошондой эле "Максимум плюс" турак жай тургундарынын суранычы менен жаңы балдар аянтчасы орнотулуп, Балдарды коргоо күнүнө карата комплекстин кичинекей жашоочулары үчүн иш-чара уюштурганга жетишкен. Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" жана "Максимум Плюс" - Elite House компаниясынын 3 жыл мурун колдонууга берген алгачкы турак жай комплекстери.

Андан тышкары, "Триумф стиль" курулуп бүткөн турак жайында Elite House компаниясы жашоочуларга ыңгайлуу шарт жана жогорку деңгээлдеги тейлөө көрсөтүп, подъезддерди кайра капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөргөн. Албетте, Elite House муну менен чектелген жок! Короого ротонда - эмпирикалык стилдеги уникалдуу маектешүүчү жай орнотулуп, "Триумф стиль" үйлөрүнүн эстетикалык өзгөчөлүгүн дагы бир ирет далилдеген. Ошондой эле 100 000 сомго бактар, бадалдар отургузулган.

Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар жана турак жай комплекстериндеги ыңгайлуу атмосфера Elite House компаниясынын жогорку стандарттарынын далили болуп эсептелет. Мындан сырткары, компания ар дайым Бишкек шаарындагы сейил бак аймактарын жашылдандыруу боюнча салымын байма-бай кошуп келет. "Ынтымак" сейил багынын бир аллеясына Elite House компаниясынын аты берилген. Компаниянын жогорку принциптеринен улам жана жеке Тимур Файзиевдин ишмердүүлүгүнөн улам кардарлар брендге ишенишет.

Elite House компаниясын жайгашкан орду, сапаттуу салынган имараттары, кооз архитектурасы, ыңгайлуу пландалганы жана ар дайым кардарларга болгон камкордугу үчүн тандашат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан