Казакстандын белгилүү Q-рор тобу "Ninety One" Бишкекке келет. Популярдуу аткаруучулар кыргыз-казак биргелешип тарткан “Карта мечты” аталышындагы фильмдин жабык көрсөтүлүшүндө концерт өткөрөт. Концертке кантип катышса болорун кененирээк "Супер-Медиа" маалымат борборунда бүгүн, 16-январь күнү саат 10:00дө боло турган маалымат жыйындан биле аласыз.
Катышуучулар:
Гүлзат Мамытбек - өзүн "Кыргыз деми" деп атап жүргөн продюсер;
Изат Кочконбаев - «Крипто Юнит» компаниясынын өкүлү, концерттин демөөрчүсү;
Айнури - "Элде Жок" бренддин негиздөөчүсү;
Чуба - "Fam Entertainment" бий студиясынын негиздөөчүсү.