Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары менен сыйланышты

Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган ЖКнын делегациясы "Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” эл аралык конференциясы аяктаган соң Санкт-Петербург шаарында жашап жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту. Жолугушууда депутаттар конференцияны уюштурууга жана анын ишине жигердүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын эмгек мигранттарына байланыштуу суроолоруна жооп берди. Асылбек Жээнбеков аталган конференциянын бир катар жигердүү катышуучуларына Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырып, айрымдарына алкыш жарыялады.Ошондой эле төрага Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө да алкыш жарыялады. Белгилей кетсек, 22-23-ноябрда ЖКнын демилгеси менен, КМШ ПАА колдоосу астында Санкт-Петербург шаарында эки күнгө созулган «Чыңгыз Айтматов дүйнөсү: маданият интеграциясы жана диалогу” эл аралык конференциясы өттү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан