"Кыргызлото" 3 жеңүүчүсүнө 500 000 сомдон байгелерин тапшырды

"Кыргызлото" 20-январда расмий түрдө 4-январда ойнотулган лотереянын 13-тиражындагы оюнда утуштарга ээ болгон жарандарга белектерин тапшырды. Тактап айтканда, эң чоң утуштар болгон 10 миң сом, 50 миң сом жана баш байге болгон 500 000 сом акчалай байгенин ээлери аныкталып, акчалар ээлерине тапшырылды.

"Мамлекеттик лотереялык компаниясынын" мамлекеттик ишканасынын директорунун милдетин аткаруучу Суранбай Акыбаев утушка ээ болгондордун көпчүлүгү карапайым адамдар болуп жатканын сүйүнүү менен айтып өттү.

"Кыргыз Лотонун 13-тиражында ойноп, утушка ээ болгон жеңүүчүлөргө акчалай утуштарын тапшырдык. Анда 3 адам 500 000 сомдон, калгандары 50 000 жана 10 000 сомдон утушка ээ болушту. Буга чейин эки жолу бир бөлмөлүү батир жана 3 автоунаа ойнотконбуз. Бирок бул жолу оюндун тактикасын өзгөртүп, көп адам утсун деп баш байгени 3 адам уткандай кылып чачыраттык. Максатыбыз көп адамдын утушка ээ болуусу. Бул оюнда билеттер жакшы өттү. Мыйзам боюнча сатылган билеттердин 50 пайызынын акчасы байгеге коюлушу керек. Бизде 60 пайыздан өйдө коюлду. Кийинки тиражда 250 000 сомдон төртөө ойнотулат. Башында ар кандай сөздөр чыккан. Алдашат, утуштар тууган-туушкандарга берилет деген сыяктуу. Бирок бизде баары мамлекеттик деңгээлде жана мыйзам чегинде болуп, адамдардын ишенимине кирдик. Биздин билеттерди көбүнчө карапайым адамдар сатып алып, ойношот. Мисалы, биздин батирибизди жаңы турмуш курган үй-бүлө утуп алган. Бул жакшы эмеспи. Бизди ушундай кадамдар кубандырат. Оюндун максаты - өлкөнүн бюджетине кошумча акча кошуу, карыларга, балдар үйүнө жана маданиятка, спортко кошумча каражат таап берүү", - деди ал.

Ортодо 500 000 сомдун жеңүүчүсү Канатбек Жусупов.

Эки билет алып, 500 000 сом акча утуп алган Канатбек Жусупов кубанычы менен тең бөлүштү.

"Ош базардан" 2 билет сатып алгам. Бирөө утушка ээ болду. Алгач ишенген эмесмин. 8-январда Кыргыз лотонун кеңсесине келип, 500 000 сом утуп алганымды билдим. Азыр келип, акчаны колума алганда чындап ишендим. Ал эми акчамды бала-чакама, жакшылыкка жумшайм. Ойногула, уткула!", - деди ал.

Ал эми дагы бир 500 000 сом утуп алган Зейнеп айым 12-январда билетин текшертип, утушка ээ болгонун айтты.

"Кээде ойноп калчубуз. Эми дайыма эле утуш боло бербейт экен да. Үч билет сатып алганбыз. 12-январда кеңсеге келип, текшертсек утканыбызды айтты. Менде мамлекеттик компания дегенде эле ишеним пайда болгон. Себеби буга чейин менчик лотерея ойноткондор алдап кетишкенин угуп калчумун. Утуп алган акчаны балдарымдын, неберелеримдин келечегине жумшайм", - деди сүйүнүп турган Зейнеп айым.

Мирлан Эргешов 500 000 сомдун жеңүүчүсү:

"Бир дагы билет алып көргөн эмесмин. Биринчи жолу 1 билет алдым, телевизордон оюнду көрүп жатып, 500 000 сомдун ээси болгонумду укканда эч ишенген жокмун, азыр деле ишене албай турам", - деди жеңүүчү.

Ошондой эле 50 000 жана 10 000 сомдук утушка ээ болгон жарандарыбыз дагы кубанып тургандарын жашырышкан жок. Алардын бири Гүлбарчын Жумалиева. Ал 4-январда ойнотулган лотереяда 10 000 сом утуп алган. "Мен мурда ойноп көргөн эмесмин. Бир жолу кайсы лотерея экенин билбейм, 200 сом утуп алгам. Азыр эми 10 000 сом утуп, кубанып турам. Ойногула, уткула!", - деди ал.


кошулду
"Кыргызлото" 3 жеңүүчүсүнө 500 000 сомдон байгелерин тапшырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан