21-декабрь күнү Кант шаарында "Чүй периси-2012" сынагы өтөрүн "I can" моделдик мектеби билдирди. 17-ноябрь күнү тандоо туру өтүп, Чүй облусу боюнча 36 сулуу катышып, алардын 15и финалга тандалып алынды. Кошумчалай кетсек, сынактын финалы 21-декабрь күнү Кант шаарындагы Андашбек Тойтиев атындагы Маданият сарайында белгилүү ырчылардын жана дизайнерлердин катышуусунда өтмөкчү.