Яндекс Таксинин расмий өнөктөшү "Кыргыз Такси" компаниясы болуп саналат. Аталган компания Яндекс Таксиге унаасы бар айдоочуларды кызматка чакырат.
Талаптар:
- Автоунаанын чыккан жылы 2000-жылдан өйдө болушу керек;
-Орусиялык автопромдон чыккан унаалар, Деу Матиз жана Деу Нексия унаалары кабыл алынбайт;
-Айдоочулук күбөлүк сөзсүз болушу шарт;
-Кардарларга сылык мамиле жасоо;
-Айдоочу таза жана тыкан болушу керек.
Милдеттер:
1) Жол кыймылынын эрежелерин сактоо (ылдамдык, жол белгилери жана башкалар);
2) Унаанын ичин таза кармоо;
3) Иш учурунда багаж бош болушу шарт;
4) Багажды ачып, кардардын жүгүн салганга/түшүргөнгө жардам берүү;
5) Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө - жүргүнчүлөрдүн саны унаанын орундуктарына туура келиши керек;
6) Жанында дайыма 100 сомго чейинки майда акча жана 500 сомго кайрып бергидей сумма болушу керек;
Иштөө тартиби:
-Жумуш убактысы 07:00 - 19:00 (1 саат түштөнүү);
- 5/2 (Дүйшөмбүдөн - Жумага чейин);
-Бир нөөмөт үчүн 1500 сом төлөнөт;
-Күйүүчү майды компания куюп берет (ар бир 100 чакырымга -10 литр).
Дареги: Игембердиев көчөсү,16 Г.
Сурап-билүү номери: 0(509) 779-779.
Эркин иштөө убактысын тандоого болот!