Рекорддук көрсөткүч. О! түйүнүндө 4G LTE кыргызстандыктардын 97 пайыздан көбүнө жеткиликтүү!

О! мобилдик оператору жогорку ылдамдыктагы LTE-технологияга суроо-талаптын кыйла жогорулагандыгын белгилейт.

4G-технологиянын өсүп келе жаткан популярдуулугунан улам, оператор иштеп жаткан төртүнчү муундагы түйүндүн камтуу аймагы менен көлөмүн өлкөнүн ири шаарларында активдүү өстүрүп, майда калктуу жерлерде камтуу аймагын кеңейтүүдө. Натыйжада 4G LTE ылдамдыктагы мобилдик интернетти бүгүнкү күндө Кыргызстандын жалпы калкынын 97 пайызы колдоно алат. Бул болсо, бир гана өлкө боюнча эмес, ЕАЭБ мамлекеттеринин арасында дагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Бир апта мурун мобилдик оператор түндүк региондогу аткарылган иштер тууралуу отчёт берди, кезекте түштүктөгү облустарда модернизациялоо иштери турат:

Жалал-Абад облусунда: Жалал-Абад, Кара-Көл, Ташкөмүр, Майлуу-Суу, Токтогул шаарларында, Көк-Таш шаарчасында жана Сейит-Казы, Кара-Жыгач, Бел-Терек, Тоскоол, Кара-Булак, Кызыл-Өзгөрүш, Камыш-Башы, Кош-Таш, Аң-Арык, Терек-Суу, Кызыл-Көл, Саты, Урумбаш, Чоң-Арык, Семет, Сары-Кашка, Таш-Булак, Сары-Талаа, Абдраимов, Массы, Сузак, Благовещенка, Мундуз, Куйбышев атындагы (Бала-Чычкан), Арал, Жаңы-Жол айылдарында.

Ош облусунда: Ош, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн шаарларында, Бек-Жар, Кызыл-Ордо, Кеңеш, Гүлчө, Сары-Могол, Дыйкан-Кыштак, Керме-Тоо, Кыргызстан, Чек-Абад, Араван, Кара-Кулжа, Нариман, Султан-Абад, Киров атындагы, Өзгүр, Жапалак, Кашгар-Кыштак, Отуз-Адыр, Эркин, Октябрь, Садырбай, Жаңы-Базар, Дөң-Булак, Бакмал, Кара-Дарыя айылдарында.

Баткен облусунда: Исфана, Кызыл-Кыя шаарларында, Интернационал, Жеңиш, Алга, Коргон-Таш, Жаңырык, Табылгы, Орозбеково, Арпа-Сай, Кара-Дөбө,Үч-Коргон, Какыр айылдарында.

Лидерден 4G интернетке туташ!

О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтынын «Камтуу аймагы» бөлүмүндө жеткиликтүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан