Бүгүн Маданият жана туризм министрлигинде Улуттук консерваторияга Калый Молдобасановдун ысымын ыйгаруу маселеси талкууланат
Бүгүн саат 11:00дө Маданият жана туризм министрлигинин жыйындар залында кеңейтилген жыйын өтөт. Жыйында Өкмөттүн 2-ноябрда кабыл алган "Кыргыз улуттук консерваториясына Калый Молдобасановдун ысымын ыйгаруу тууралуу" токтомун ишке ашыруу маселеси талкууланат. Иш-чарага Кыргыз улуттук консерваториясынын окумуштуулар кеңеши, КРнын Эл жазуучулар жана Эл артисттери, искусство жана маданият ишмерлери, ошондой эле аталган министрликтин бир катар өкүлдөрү катышмачы.