"Акнет" компаниясынын президенти: "Кубан Ажимудиновго тийиштүү акчасы бөлүнүп берилген"

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Акнет" компаниясынын мурдагы президенти, учурда камакта жаткан Кубан Ажимудиновдун эсебин ачып, 910 миллион сом акчаны компаниядагылар бөлүп кетишкенин айтып, президентке кайрылды. "Азыркы күндө Ажимудинов камакта жатат. Ага операция жасоо керектигин дарыгерлер айткан, бирок ага уруксат берилген эмес. Бул деген аны сындыруубу?", - деген ал.

Ал эми "Акнет" компаниясы бүгүн, 13-февралда маалымат жыйын өткөрүп, учурдагы президент Нурбек Абасканов Кубан Ажимудиновго 2019-жылы 150 миллион сом которулса, андан кийин 30 миллион сомду иниси Нурлан Ажимудинов ишеним кат менен алып кеткенин айтты.

"Акнет" компаниясы иштеп келген 20 жылдан бери 3 негиздөөчүгө бир дагы дивиденд бөлүнгөн эмес. Бирок 2019-жылы 3 негиздөөчүгө өздөрүнүн дивиденди бөлүнгөн. Кубан Ажимудиновго акча которулгандыгы почта аркылуу да кабарланып жөнөтүлгөн. Ал эми депутат Момбековдун тараткан маалыматы чындыкка дал келбейт.

Биздин компания өз ишмердүүлүгүн улантып жатат. Азыр штатыбыз 650 адамга көбөйдү. Салыктарды эки эсе көп төлөп баштадык. Соцфондго төлөнчү акчанын эсеби 59 миллион сомдон ашты. Ал эми айлык акы өз убагында берилип, компания стабилдүү иштеп жатат", - деди Абасканов.

Ал эми аткаруучу директор Азат Базаркулов Кубан Ажимудиновго бөлүнгөн акчаны иниси Нурлан Ажимудинов алып кеткени видеого тартылып алынганын айтып, тасманы жалпы журналисттерге көрсөттү.

"Президенттик аппарат деле чындыкка коошпогон маалыматты карап чыгат деген ойдомун. Себеби депутаттын айткандарындай эмес да. Биз баарын түшүндүрүп берип жатабыз", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kattaldym
2020-02-13 18:12:48
Дивиденти эмес, дивиденди.
0
zhaku2017
2020-02-14 10:18:14
Акнетти тартып алышкан. Ошол учун биз жарыбайбыз. Соттор бир адамдын кызыкчылыгына коз каранды. Бироонун менчигин, мулкун куч менен тартып алмай бизде оной эле. Ошол учун бизде эч ким чон иш кана ачышпайт.
+10
Kyrgyz_bloger
2020-02-14 14:09:46
Ушул ишкана беле рейдейлик захват кылып бийликтегилер алып койгон.
+4
Kairat1996
2020-02-14 14:14:20
Ачыгын айтканда, бизде жеке иш каналарды тартып алмай кадыр эсе корунуш. Акнетти бийлик озуно менчиктеп алган. Азыр чон иш кана ачкандан коркушат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан