ЖКнын тийиштүү комитети спорттук машыктыруучулардын айлыгын жогорулатууга багытталган мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн ЖКнын Билим, илим, маданият жана спорт боюнча комитети тынымсыз иштеп келе жаткан спорттук машыктыруучулардын маянасын жогорулатууга арналган мыйзам долбоорун жактырды. "КРнын Дене тарбия жана спорт" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Бакыт Кенжебаев тааныштырды. Анын айтымында, спорттук машыктыруучу-устат болуп 5 жыл иштеген адамдардын айлыгына 10 пайызга, 10 жыл иштегендердин маянасына 20 пайызга чейин, ал эми 15 жыл иштеген машыктыруучулардын айлык акысына 30 пайызга чейин каражат кошуу сунушу көтөрүлүүдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан