О! Мобилдик оператору eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрү бар абоненттерди инновациялык технологияларды кошуп алууга жана анын бардык артыкчылыктарын сезүүгө чакырат!
eSIM деген эмне?
eSIM (Embedded SIM – «орнотулган SIM-карта») – бул түзүлүштүн ичиндеги SIM-картасынын виртуалдык профили. Аны чыгарып салса дагы, өчүрсө дагы болбойт.
eSIM-картанын артыкчылыктары:
Колдонуу жагынан алып караганда, eSIM-карта кадимки SIM-картадан эч нерсеси менен айырмаланбайт.
Максим Сидоренко, О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору:
- Apple компаниясынын расмий релизинен кийин бир жыл өтүп, өтпөй кыргызстандыктарга жапжаңы технологиянын жеткиликтүү болуп жаткандыгы бизди шыктандырат. Бул технологиянын жакынкы айларда эле Apple, Samsung, көп өтпөй башка бренддердин флагмандык смартфондорунун стандарты болуп каларында шек жок. Бүгүнкү күндө бул кызматты дүйнөнүн 30дан ашуун мамлекеттеринде көрсөтүп жатышат.
Азырынча сиздерде О! түйүнүнүн жаңы технология менен көрсөтүлүп жаткан кызматтарынын артыкчылыктарынан пайдаланып көрүү мүмкүнчүлүгү жаралды. eSIM-картаны колдонууда биз эң алгач кардарларыбыз үчүн ыңгайлуулукту, ошону менен бирге акылдуу үйлөр, шаарлар жана жалпы эле санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча алып караганда, бүт тармактын өнүгүүсүнүн сапаттуу импульсун көрүп жатабыз.
eSIM технологиясы менен иштеген түзүлүштөрдүн моделдери:
eSIM-картасын кантип колдонсо болот?
Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңсесине же O!Store дүкөнүнө келип, түзүлүштүн ырастоолорунда eSIM-картаны активдештирүү үчүн уникалдуу QR-кодун алып кетүү керек. Мындай активдештирүүнүн баасы – бардык салыктарды эсепке алуу менен 100 сом. Эгерде сиздин түзүлүш eSIM-карта менен иштей турган болсо, анда сиз өзүңүздүн учурда колдонуп жаткан О! номериңизди кадимки SIM-картанын ордуна eSIM-картага алмаштырып алсаңыз болот.
Кененирээк маалымат o.kg сайтында.