Президент тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган Курманбек Жороевдин талапкерлиги ЖКнын комитетинде жактырылды
Бүгүн ЖКнын Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитети президент тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына сунушталган Курманбек Жороевдин талапкерлигин жактырышты. Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Орозбек Молдалиев анын кыскача өмүр таржымалын баяндап берди. Аталган талапкерге 5 депутат "макул" деп добуш берди.