Тимур Файзиев: Жашоонун негизги багыттары

Ош шаарында 29-февралда миңден ашык катышуучуну чогулткан Тимур Файзиевдин укмуштуудай "Жашоонун негизги багыттары" аттуу тренинги өттү. Белгилей кетсек, тренингдин темасы толугу менен жаңы жана өлкөнүн түштүк борборунда - Ош шаарында гана презентацияланды.

Файзиевдин окутуусуна катышуу үчүн угармандардын көбү Баткен, Жалал-Абад облустарынан, андан тышкары коңшу өлкөлөрдөн да келишти.

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, ийгиликтүү бизнесмен Тимур Файзиев ар бир угарманы менен ийгилик сырлары жана бизнестеги принциптери менен бөлүшүп, айтып берүүгө дайыма даяр. Ошондуктан Ош шаарындагы тренинг катышуучулардын дүркүрөгөн кол чабуулары менен башталды.

Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү өтүп жаткан тренигдин темасына ылайык, ден соолук, үй-бүлө, карьера, айтор, жашоонун бардык тармактарын чогуу алып кетүү канчалык маанилүү экенин айтып берди. Спикер өзүнүн мисалында жашоонун бардык багыттарында прогресске жетүү үчүн кандай аракеттерди жасоо керектигин жана бул кадамдар ийгиликке жетүүгө жол ачууга канчалык деңгээлде жардам берерин айтып берди.

Тренинг абдан кызыктуу жана динамикалуу ыкта, жылуу атмосферада өттү. Өзгөчө сценага эки кичинекей кыз чыгып, дүркүрөгөн кол чабуулардын коштоосунда Elite House жөнүндө ыр ырдаганы залдагыларга таасир калтырды. Келечектеги жылдыздар эки ай мурун Elite House жөнүндө жаздырган өздөрүнүн ырын компаниянын дарегине жөнөтүшкөн. Тимур Файзиев жеке өзү аларга ыраазычылык айтып, кичинекей ырчы кыздарга белектерин тапшырды.

Тренингдин соңунда Тимур Файзиев салтка айлангандай эле көпчүлүктү кызыктырган көптөгөн суроолорго жооп берип, жакында ушундай эле иш-чара Бишкек шаарында да өтө турганын жарыялады.

Буга чейин маалымдалгандай, дал ушундай тренингдер жакын арада өлкөнүн бардык аймактарында өтөт. Мындан тышкары Файзиев жакынкы айларда жаңы тема менен кайрадан Ош шаарына бараары күтүлүүдө.

Elite House'тун негизги максаты – Кыргызстандагы, ошондой эле башка өлкөлөрдөгү 1 миллион адамды окутуу.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан