Жаш ишкерлер ассоциациясынын (ЖИА) 15 мүчөсү Түркиянын Стамбул шаарында 26-ноябрдан 30-ноябрга
чейин уюштурулуп жаткан кийим, текстиль, териден жасалган өнүмдөр жана тиешелүү
жабдуулар боюнча дүйнөгө белгилүү болгон “2012: Түркия-Дүйнө мамлекеттери тышкы
соода көпүрөсү” саммитине катышууда. Иш-чарада кыргыз ишкерлери эки тараптуу
жолугушууларды өткөзүп, өнөктөш таап, иш келишимдерине кол коюулары күтүлүүдө. Бизге маалым болгондой, иш-чарага дүйнө жүзүнөн 1000ден ашуун текстиль тармагында иштеген
компаниялар, 160 Түркия компанияларынын экспонаттары жана Түркиядан
1500 катышуучу катышып жатышат.