Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Отурумдун башында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов судьядан Исаков жарыш сөзгө акыркылардан болуп чыгуусун өтүнгөн. Судья Ирина Воронцова жарыш сөз жактоочулардын апелляциялык даттанууларын берүү тартиби боюнча жүргүзүлөрүн айтты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыкты.
Мамлекеттик айыптоочу биринчи инстанциядагы сот ЖЭБ иши боюнча негизги фигуранттарга, тагыраагы, мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиевге, Сапар Исаковго, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевге карата жумшак өкүм чыгарганын белгилеп өттү.
"Свердлов райондук сотунда иш каралып жатканда мамлекеттик айыптоочулар Айбек Калиевге 17 жыл, ал эми Жантөрө Сатыбалдиевге 11 жыл эркинен ажыратууну суранышкан. Бирок жыйынтыгында аларга прокурорлор сурангандан азыраак мөөнөт берилген", - дейт Эрнест Асакеев.