Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Отурумдун башында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов судьядан Исаков жарыш сөзгө акыркылардан болуп чыгуусун өтүндү. Судья Ирина Воронцова жарыш сөз жактоочулардын апелляциялык даттанууларын берүү тартиби боюнча жүргүзүлөрүн айтты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыкты.
Мамлекеттик айыптоочулар жарыш сөздө ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга айыпталгандар үчүн биринчи инстанциянын соту жеңил жаза бергенин белгилеп өткөн.
Ошону менен мамлекеттик айыптоочу соттон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл, "Улуттук энергетикалык холдингдин" мурдагы башчысы Айбек Калиевге карата үй-мүлкүн конфискациялоо менен 17 жылга эркинен ажыратууну суранды.