Бүгүн, 11-мартта Бишкек шаардык сотунда ЖЭБ иши боюнча жактоочулардын апелляциялык даттануулары каралууда.
Анда тараптар жарыш сөзгө чыгышты. Алгач жарыш сөзгө мамлекеттик айыптоочу Эрнест Асакеев чыккан.
Асакеев Свердлов райондук соту ЖЭБ иши боюнча айыпталуучуларга жеңил жаза берген жана Бишкек шаардык сотунан кошумча жаза катары иш боюнча өтүп жаткандарга карата үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктардан жана чиндерден ажыратуу, белгилүү мөөнөткө чейин мамлекеттик органдарда жетекчилик кызмат аркалоого тыюу жазаларын колдонууну суранган. Буга башка мамлекеттик айыптоочу жана аскердик прокурор дагы кошуларын билдиришти.
Мамлекеттик айыптоочулардан кийин жарыш сөзгө "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров чыкты. Ал өз сөзүндө биринчи инстанцияда айыпталуучуларга карата жаза жеңил берилген деген негиз менен макул эместигин билдирди.
"Биздин камакта отуруу мөөнөтүбүз аяктаганына байланыштуу эркиндикке чыкканбыз. Ал эми үй-мүлкккө болгон арест алына элек. Андыктан прокурордун айтканы негизсиз деп ойлойм. Мамлекеттик сыйлыктарыма токтолсок, мен ал сыйлыктарды Аскар Акаев президент болуп турган учурда алгам", - деди Назаров.
Буга чейин мамлекеттик айыптоочу "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров менен Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго карата кошумча жаза катары мамлекеттик сыйлыктардан ажыратууну суранган.