Ош шаарында ВИЧ илдетине чалдыккандардын расмий саны 808ге жетти

Ош шаарында ВИЧ илдетине чалдыккан оорулуулардын саны 2012-жылдын 1-ноябрына карата 808 адамды түздү. Бул тууралуу Ош облустук СПИД менен күрөшүү жана алдын алуу борборунун диспансердик бөлүмүнүн жетекчиси Бактыгүл Абдраева маалымдады. "Бирок бул так көрсөткүч эмес, аталган илдетке чалдыккандар мындан 4-5 эсе көп болушу мүмкүн" дейт Абдраева. Анын айтымында, Ош шаарында ВИЧтин жайылышына баңгизатынын кесепети тийүүдө жана Ош шаары ВИЧ илдетин алып жүрүүчүлөрдүн көптүгү жагынан Кыргызстанда 3-орунда турат.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан