Биз социалдык тармакта

Парламентте Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу сунушталды

Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иш мөөнөтүн узартуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов сунуштады.

Буга чейин 20-февралда комиссиянын иш мөөнөтү бир айга жылдырылган.

21-ноябрда Саймаити боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Анын курамына КСДПдан Өмүрбек Бакиров, Аалы Карашев, Сайдолимжон Жураев, "Республика-Ата Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов, Талант Мамытов, "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнөв, Алмазбек Эргешев, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан Тынчтыкбек Шайназаров кирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан