"Бакай Банк» мектеп окуучулары жана студенттер арасында байге фонду 55 миң сомдон турган сынак жарыялайт. Жеңиш үчүн финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видео тартып, ал TikTok социалдык түйүнүндө эң көп көрүлүшү керек. Сынак Дүйнөлүк акча жумалыгына арналат.
2020-жылдын 20-мартынан 3-апрелине чейин мектеп окуучулары жана студенттер үчүн (Кыргыз Республикасынын 25 жашка чейинки жарандары) «Бакай Банктын» сынагы өтөт. Биринчи орун үчүн сыйлык — 25 миң сом, экинчи орунга — 20 миң сом, үчүнчү орунга — 10 миң сомдук баштапкы салымы бар депозит ирээтинде ыйгарылат.
Шарттары жөнөкөй:
1. Кыргыз же орус тилинде финансылык-экономикалык терминдерди түшүндүргөн видеоролик тартуу керек.
2. Аны TikTok социалдык түйүнүнө #GMW2020 #bakaibank хэштегдери (башка хэштег болбошу керек) менен жайгаштырыңыз.
3. Видеоролик эң көп көрүлгөн болушу керек. Жыйынтык 3-апрелде чыгат. Сунушталган терминдер:
● Пин-код
● Банк
● Депозит
● Кредит
● Инфляция
● Валюта
● Акча которуулар
● Баалуу кагаздар
● Бюджет
Жеңүүчүгө приз баштапкы капиталы 25 миң, 20 миң жана 10 миң сом салынган депозит ирээтинде берилет. Жашы жете электерге «Балдар үчүн» депозити ата-энесинин бирөө же мыйзамдуу өкүлү тарабынан ачылат. Ал эми жашы жеткен жеңүүчүлөр «Мөөнөттүү» депозит түрүндө байгеге ээ болушат.
«Бакай Банк» онлайн-конкурсу Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында өтүүдө.
Лицензия КРУБ №043⠀
bakai.kg 6111
(мобилдик телефондон) +996 554 006 111 (Whatsapp)