Beeline "уюлдук интернет өчүрүлөт" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди

Көңүл буруңуздар! Beeline’дан маанилүү маалымат!

Урматтуу абоненттер!

Жакында WhatsApp жана социалдык тармак аркылуу “уюлдук интернет өчүрүлөт, абоненттик төлөмдү төлөбөй тургула” деген маалымат тарады.

Бул билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Beeline компаниясы абоненттерин мурунку эле калыпта бардык тейлөө кызматы менен камсыз кылат. Биз өзүбүздүн кардарларыбыз үчүн кам көрөбүз жана сиздерди жакындарыңыз менен байланышта болушуңуз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонобуз. Сиздерди социалдык тармактар аркылуу мындай чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратпоого чакырабыз. Ошондой эле расмий булактардын маалыматтарына гана ишенүүгө чакырабыз. Beeline компаниясынын жаңылыктары beeline.kg сайтында күн сайын жаңыланып турат. Маанилүү маалыматтар Instagram’да @beeline_kyrgyzstan баракчасында чыгат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан