О! абоненттери үчүн тынымсыз байланыш номерлерине чалуулар АКЫСЫЗ
Достор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коронавирустук инфекция менен күрөшүү аракеттерин колдоо максатында, кандайдыр бир суроо же өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда коронавирус маселелери боюнча төмөнкү ТЫНЫМСЫЗ БАЙЛАНЫШ НОМЕРЛЕРИНЕ чала ала тургандыгыңызды маалымдайбыз.
О! абоненттери үчүн көрсөтүлгөн номерлерге чалуу АКЫСЫЗ.
Азыр коронавирустук инфекция биздин өлкөдө, бүт дүйнөдө жашоону олуттуу түрдө өзгөртүп жатат. Тынчтыкты сактоо жана жеке коопсуздук менен алдын алуу эрежелерин аткаруу абдан маанилүү. Дүрбөлөңгө түшпөй, ушак-айыңдарга ишенбеңиздер. Расмий билдирүүлөргө ишениңиздер, COVID-19 таратуу маселелери боюнча расмий ишенимдүү булактардан ыкчам маалымат алыңыздар.
«COVID-19 боюнча КРнын штабы» расмий Telegram-каналга катталыңыздар:https://t.me/RshKRCOV
Сактык чараларын кармангыла, өзүңөрдү сактап, саламатта болгула!