"Кан басымы кескин түшүп кетти". Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум Атамбаевдин абалына байланыштуу жылдырылды

Бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясына айыпталып жаткандардын иши каралып баштаган. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы келе турганын КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымдаган болчу.

Бирок бул отурум 30-март саат 10:00гө жылгандыгы белгилүү болду. Жолдубаева Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип жаткандыгы менен байланыштуу экенин билдирди.

"Алмазбек Шаршенович түштөн кийин ооруп калды, анын кан басымы кескин түшүп кетти. Мурдагы президенттин абалы начарлап кеткенин УКМКнын СИЗОсунан аны коштоп келген дарыгер аныктады", - дейт Жолдубаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
altyn7776
2020-03-23 15:58:29
Атайы эле созуп атат ойнотуп...
0
chake
2020-03-23 16:05:35
Атамбаев мышык чычкан ойной берчи канча ойнойт болдуң экен
0
Jaznura
2020-03-23 16:13:43
Атамбаевдин характерине чыдаганга рахмат.
0
Kuban-1207
2020-03-23 16:19:42
Атамбаевтай Ак үйдө толтура отурат жалаң жегичтер Атамбаевдан ашып түшөт.
+2
aydinnur
2020-03-23 16:22:12
Атамбаевге рахмат,ооруганына карабай келип корсотмо берип жатканына!Ден соолук Сизге,акталып чыгыныз Алмаз Шаршенович!
П.с. саясий нейтралитетти сактайлы достор,"чача-пача,тырым-пырым"деп жооп жазбагыла оппоненттер,бассанар минус басып кете бергиле макулбу?!)))
-2
KG-zigit
2020-03-23 16:22:59
Ысырыктап койгула озуно келип калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан