"Альянс Алтын" компаниясы коронавирус менен күрөшүүгө активдүү катышууда

"Альянс Алтын" ЖЧКсынын акционерлери коронавируска каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн кошумча акча каражаттарын бөлдү. Бөлүнгөн каражат ИВЛ аппараттарын, дарыгерлердин жеке коргоочу каражаттарын жана бул инфекция менен күрөшүүгө зарыл болгон бардык буюмдарды сатып алууга, аталган илдеттин чыгуу коркунучу бар зоналардагы калкты колдоого жумшалат.

Бул үчүн "Альянс Алтын" ЖЧКсы жана "Бакубат Талас" кайрымдуулук фонду тарабынан 16 миллион 140 миң сом бөлүндү. Сатып алуулар тууралуу компания коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн республикалык жана Талас облустук штабдар менен макулдашат.

24-март күнү дагы Таластагы штабга 200 даана дарыгерлер үчүн коргоочу медициналык костюм, 11 миң даана бет кап, антисептикалык жана атайын дезинфекциялоочу каражаттардын партиясы жеткирилген. Бул каражаттар атайын тизме боюнча өз даректерине жөнөтүлөт.

"Талас облусунда коронавирустун алдын алуу боюнча ири иш-чаралар өтүп жатат. "Бакубат Талас" фондунун каржылоосу менен медициналык керектүү каражаттар алынууда. Буга чейин 30 миң бет кап алып келинген. Бүгүнкү күндө дагы 11 миң даана бет кап жана атайын кийимдер алып келинди. Бардык каражаттар көзөмөлгө алынат жана белгиленген дарекке жеткирилет", - деп билдирди өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан