Бишкекте автокырсыктан 4 жашар бала, 6 жашар кыз жабыркады
Бишкек шаардык ИИБи билдиргендей, 26-ноябрда түнкү саат 03:00 чамасында баш калаанын Тынчтык проспекти менен Киргизиия-2 көчөлөрүнүн кесилишинен Лексус-470 үлгүсүдөгү унаа менен Дэу Матиз унаасы кагылышып кеткен. Кырсык оор жаракаттар менен коштолду. Окуядан кийин эки унаанын айдоочусу, Дэу Матиз унаасында бара жаткан 4 жашар бала жана 6 жашар кыз оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.