Депутат Жанар Акаев көз карандысыз маалымат каражаттарына "пропуск" берилиши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Учурда түшүндүрүү иштери маанилүү болуп жатат. Бирок өкмөт, комендант көз карандысыз маалымат каражаттарынын бирөөсүнө дагы уруксат кагазын (пропуск) бербей жатат.
Элибиз фейк маалыматтарга ишенүүдө. Ошондуктан коомдо өзүнүн орду бар маалымат каражаттарынын 3-4 журналистке уруксат беришиңер керек. Алар өкмөттүн, өлкөдө болуп жаткан окуяларды элге жеткирип турушу зарыл.
Өкмөт, мамлекеттик маалымат каражаттарына уруксат кагазын бердиңер, бирок аларды эч ким окубайт. Мына Кыргыз мамлекетинде эң көп окулгандардын 20 маалымат каражатынын бири да уруксат кагазын алган жок. Бүгүнкү күндөн калбай маалымат каражаттарына уруксат кагазы берилиши шарт. Мамлекеттик маалымат каражаттарын эч ким окубайт, ишенбейт", - дейт Акаев.