Чукул кырдаалдар үчүн О! түйүнүнөн акысыз чалууга 10 мүнөт сунушталат

О! Мобилдик оператору учурдагы кырдаалга байланыштуу абоненттерине жардам берүү аракеттерин көрүүнү улантууда.

Бүгүн бизде эшикке чыгууга, эсепти убагында толуктоого мүмкүнчүлүк болбой калып жатат. Шашылыш туугандарга чалуу же дарыгерге кайрылуу керек болгон учурлар пайда болууда.

Эгер сиздин балансыңыз нөл болсо же кезектеги абоненттик төлөмдү төлөй албай жатсаңыз, анда сиз чукул кырдаалдар үчүн мүнөттөрдүн топтомун акысыз пайдалана аласыз. О! Мобилдик оператору татаал шарттарда ар дайым байланышта болууңуз үчүн О! түйүнүнүн ичинде чалуулар үчүн күнүгө акысыз 10 мүнөт сунуштайт.

Үйдө болуңуздар, байланышта болуңуздар!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан